Кыргызстан эл аралык университетинин Эл аралык медицина мектебинде “Эч ким, эч нерсе эч качан унутулбайт!” атту ачык сабак болуп өтту

2022 – ж. 28 апрелинде Кыргызстан эл аралык университетинин Эл аралык медицина мектебинде “Дарылоо иши” адистигинин I – ВОПр – 21 тайпасынын студенттерине “Эч ким , эч нерсе, эч качан унутулбайт!” аттуу темадагы ачык сабагы болуп өтту.

Максат: Ата Мекенди көздүн карегиндей сактоо жана коргоо, мекенчилдикке үндөө, эр жүрөк, тайманбас, ар намыстуу, эмгекчил болууга чакыруу. Ошондой эле элибиздин көрөнгөсү болгон улуттук дөөлөттү, мурастарын, тарыхын, салт санаасын, маданиятын үйрөнүү менен бирге эл баатырларын эскерүү, даңазалоо, алардан өрнөк алуу.

Болуп өткөн ачык сабагына орус группасынын студенттери жана бир нече этникалык улуттардын өкүлдөрү катышты.

Сабактын жүрүшүндө Улуу Ата – Мекендик согуштун жана Баткен окуясынын курмандыктарын эскерип, аза күтүү ыр менен коштолду. Өзгөчө Собченко Никитанын “Эстелик” аттуу ырды көркөм окуп берүүсү мактоого  татыктуу болду. Майрамбекова Айдананын “Жоокердик ыры” аттуу чыгармасы жандуу үн менен аткарылды.